БУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке какты

12.03.2026 | 14:13

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Россия тарабынан сунушталган Ирандын тегерегиндеги кырдаал боюнча резолюциянын долбоорун кабыл алган жок. Документте согуштук аракеттерди токтоосуз токтотуу жана жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнү издөө чакырыгы камтылган.

Документти кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү тарабынан вето коюлбаган шартта, кеминде тогуз мамлекеттин «макул» деген добушу керек болчу. Бирок долбоорду төрт гана мамлекет колдоду: Россия, Кытай, Пакистан жана Сомали. Тогуз өлкө калыс калды, ал эми АКШ менен Латвия каршы чыгышты.

Россиянын резолюция долбоору төрт негизги пунктту камтыган:

  1. Ок атууну токтотуу: ар кандай аскердик ишмердүүлүктү токтоосуз токтотуу жана мындан аркы эскалациядан баш тартуу.
  2. Тынчтык калкын коргоо: эл аралык укук ченемдерине ылайык, жарандарга жана инфратүзүмгө жасалган чабуулдарды айыптоо.
  3. Аймактык коопсуздук: Жакынкы Чыгыштагы бардык мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн таануу.
  4. Дипломатия: тараптарды сүйлөшүү столуна кайтып келүүгө жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн саясий куралдарды колдонууга чакыруу.

АКШ жана Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралдан бери уланууда. Соккуга республиканын ири шаарлары, анын ичинде Тегеран кабылды. Эл аралык коомчулуктун кырдаалга кийлигишүү аракеттерине карабастан, БУУнун Коопсуздук кеңешинин бирдиктүү резолюцияны кабыл албай койгону аймактагы чыңалуунун жогорку деңгээлде сакталышына алып келүүдө. Учурда жаңжалды басаңдатуу (деэскалация) боюнча дипломатиялык аракеттер олуттуу натыйжа бере элек.

Теги: оон
Scroll to Top