График менен баратабыз: ысык суу өз убагында бериле баштайт — «Бишкекжылуулуктармагы»

30.04.2026 | 11:59

Шаардыктардын үйлөрүнө ысык суу берүү графикке ылайык 10-майдан тарта башталат. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле ишканадан редакцияга ысык суу берүү толук токтотулган мезгилде аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.

«Муниципалдык ишкана тарабынан түрдүү диаметрдеги 261 метр эскирген жылуулук тармактары оңдолду. Диаметри 50дөн 900 миллиметрге чейинки 214 даана жапкыч-жөнгө салуучу арматура алмаштырылды. Ошондой эле магистралдык жана бөлүштүрүүчү тармактардагы сальниктик компенсаторлордун жана жапкыч-жөнгө салуучу арматуралардын тыгыздагычтары (набивкалары) алмаштырылды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бардык иштер бекитилген мөөнөттө, сапат талаптарын жана техникалык стандарттарды сактоо менен жүргүзүлүп жатканы белгиленет. Аткарылган иш-чаралар алдыдагы жылытуу мезгилинде жылуулук менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана туруктуу, үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.

Scroll to Top