Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
Дэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылат
12.03.2026 | 17:30

13-марттан тарта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Буга байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорт кыймылы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.
Жүргүзүлүп жаткан иштер жол инфраструктурасын жаңылоого, жол тармагын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом