Сианьдагы жолугушуу: ШКУ өлкөлөрү Өнүктүрүү банкын түзүүнү илгерилетүүдөКыргызстанда Акыркы коңгуроо 29-майга жылдырылдыИгорь Шестаков: Евробиримдик Кыргызстанга эмне үчүн санкция салдыКыргызстандагы орус тили жана мектептер: реформалар, мугалимдердин тартыштыгы жана баланс маселеси«Любэ», Басков жана «Блестящие» 9-майда Караколдо концерт беришетЖалган «халал» үчүн айып пул салынат: Кыргызстанда бул тармактагы көзөмөл күчөтүлөт
Сузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды
13.03.2026 | 17:09

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту 11-мартта алимент төлөөдөн баш тарткан жаранга карата өкүм чыгарып, аны бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу карызкордон М.М.М. аттуу жарандын пайдасына бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралган. Карызкор алимент төлөө милдетинен узак убакыт бою баш тартып келгендиктен, сот аткаруучу тарабынан материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Жыйынтыгында сот А.Л.А.ны Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, эркинен ажыраткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар