Нарынга 1000 сом менен учабыз: «Асман Эйрлайнс» болуп көрбөгөндөй акция баштайтЧеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскерттиКелечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” болуп өттүКыргызстанда 2026-жылы 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылат
Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
15.03.2026 | 11:30

Бүгүн, 15-март, саат 06:30да «Манас» эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан 142 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, алгач Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн кыргызстандыктар атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилип, ал жерден Бишкекке авиакаттам уюштурулган.
Тышкы иштер министрлиги кооптуу аймактардан жарандарды кайтаруу боюнча чаралар тууралуу кошумча маалымат берилерин маалымдады. Ошондой эле министрлик аймактагы кырдаал турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө баруудан карманууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом