Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
ЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жазды
15.03.2026 | 13:20

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшырууга арыз жазды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге БШКдан маалымдашты.
Комиссия Азыгалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арызын бүгүн, 15-мартта, карайт.
Нурланбек Азыгалиев парламентке 2025-жылдын декабрында №17 бир мандаттуу шайлоо округунан 12 миң 20 добуш менен шайланып келген. Ал «Эл үмүтү Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат