Мектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктады.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери мектеп жана бала бакча жетекчилеринен 4 миң сомдон 5 миң сомго чейин акча талап кылышкан. Чогултулган каражаттар мыйзам бузууну жашыруу максатында Эсептөө палатасынын инспекторуна берилери айтылган.
Кызматтык бөлмөлөрдү тинтүү учурунда 68 миң сом накталай акча табылган. Ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин тизмеси жана каражаттардын которулушу тууралуу маалыматтарды камтыган жазуулар алынган.
12-мартта Кылмыш-жаза кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.У.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.