Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Ысык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү
17.03.2026 | 11:59

Ысык-Көлдүн Кырчын капчыгайында жайгашкан «Кырчын» турбазасы жер тилкеси менен кошо мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган объект 1997-жылы жеке жана юридикалык жактарга мыйзам талаптарын бузуу менен берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 миллион сомду түзгөн мүлктүк комплекс жана 11 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом