Ысык-Көлдүк ширетүүчү WorldSkills улуттук чемпионатында жеңүүчү болду

30.04.2026 | 11:27

Жумушчу кесиптердин III «WorldSkills Kyrgyzstan 2026» улуттук чемпионаты 13–17-апрель күндөрү Бишкекте өттү. Мелдештер WS Kyrgyzstan жана Билим берүү министрлигинин колдоосу астында, жумушчу адистиктердин баркын көтөрүү жана жаштарга жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максатында уюштурулган.

«Ширетүүчү технологиялар» компетенциясында биринчи орунду Ысык-Көл облусунун №22 кесиптик лицейинин окуучусу Турсунбек Асанбаев ээледи. Күмүш медаль Ош облусунун №62 кесиптик лицейинен Эсен Максутовго, ал эми коло медаль Бишкектеги №27 кесиптик лицейинен Ярослав Черненкого буюрду. Бардык байге ээлери акчалай сыйлыктарга жана ESAB компаниясынан кесиптик шаймандарга ээ болушту.

Ширетүү иши боюнча сынак №4 кесиптик лицейде өтүп, жалпы узактыгы 16–18 саатты түзгөн төрт көз карандысыз модулдан турду. Эксперттер акыркы жыйынтыкты гана эмес, иш процессин да баалашты. Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу жарыштан четтетилүүгө (дисквалификацияга) алып келген.

«Квалификациялуу жумушчулардын кескин жетишсиздиги шартында ширетүү иши негизги компетенция болуп саналат. Катышуучулар кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүдө, ал эми биз эмгек рыногунун муктаждыктарын реалдуу канааттандыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деп белгиледи «ЭСАБ Казахстан» ЖШСнын директору Екатерина Татаринова.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен 2026-жылдын 22-сентябрынан 27-сентябрына чейин Шанхайда өтө турган 48-Эл аралык WorldSkills чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасы түзүлөт.

Scroll to Top