Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрүү пункту 30-декабрда ишин убактылуу токтотот30-декабрь: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болотСалык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалды
Сузакта 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти
09.07.2019 | 13:41
Жалал-Абадда 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Облустук милициядан билдиришкендей, окуя Cузак районунун Каңды айылында 8-июль күнү болгон.
Баланын өлүгүн кылмышкерлер өз үйүнүн короосуна колу-буту скотч менен байланган
абалда таштап кетишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери “сенден балаң аркылуу өч алдым” деп жазылган катты табышкан.
Ал эми маркумдун эжеси үйдөн хиджаб жамынган адамдын чыгып баратканы тууралуу көрсөтмө берген.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине “адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Рубрики: Окуялар