Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Мандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди
18.03.2026 | 14:09

Бүгүн, 18-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага ылайык, төмөнкү депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп таанылды:
- Улугбек Ормонов № 10 көп мандаттуу шайлоо округунан депутат болду. Ал буга чейин мандатын тапшырган Курманкул Зулушевдин ордуна келди.
- Мавлюда Калбердиева № 11 шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланды. Ал Шайырбек Ташиевдин ордуна келди.
- Бактыбек Чойбеков № 17 шайлоо округу боюнча шайланды. Ал мандатын тапшырган Нурланбек Азыгалиевдин ордун ээледи.
- Алтынкүл Мурзакимова № 29 шайлоо округунан Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна шайланды..
Жаңы депутаттарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер тапшырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат