Кыргызстан менен Россия парламенттер аралык кызматташтыкты кайра жандандырды. Төрага Москвага эмне максатта барды?

06.04.2026 | 13:57

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Марлен Маматалиевдин алгачкы расмий сапарынын дал ушул Москвага жасалышын парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү кайра жандандырууга ташталган маанилүү кадам катары кароого болот.

Салттуу түрдө достук мамиледеги кыргыз-орус алакалары акыркы төрт жылда туруктуу «тоңдурулган» абалда калган. Бул биринчи кезекте ЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиевдин позициясына байланыштуу болгон. Ал РФ Мамлекеттик Думасы жана Федерация Кеңеши менен конструктивдүү диалог түзүүгө кызыкдар эместигин гана көрсөтпөстөн, орус тилинин ролун расмий деңгээлде болушунча чектөөгө аракет кылган.

ЖКда бардыгы орус тилинде баарлашууну минималдаштырсын деген талап ачык эле системалуу деңгээлге өткөн болчу. Андан тышкары, мыйзамдык басым менен орус тилин расмий тил макамынан ажыратуу аракеттери да көтөрүлгөн. Баса, жаңы мыйзамдык тил түзөтүүлөрүндө орус тили бул макамын сактап калышына салым кошкон депутаттардын катарында дал ушул Марлен Маматалиев бар болчу.

Шакиевдин ЖКнын жаңы курамында кайрадан төрага болуп шайлангандан кийинки алгачкы сапарын Түркияга жасаганы да Москва үчүн тышкы саясий сигнал болгон. Анткени парламенттин мурдагы башчысы бул өлкө менен, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) менен кыйла динамикалуу кызматташууга кызыкдар экенин ачык көрсөтүп келген. Режеп Эрдогандын ТМУ өлкөлөрүндө түрк алфавитин кабыл алууну лоббирлөөсү Нурлан Шакиевди такыр кооптондурган эмес, ал эми лингвисттер кыргыз тилин сактап калуу зарылдыгын айтып, кооптонууларын билдиришкен.

Парламенттик миграциялык күн тартиби да өз ара дооматтардын негизинде курулуп келген. Москвадагы «Крокус Ситидеги» теракттардан кийин орусиялык депутаттар миграциялык мыйзам базасын болушунча катаалдаштыра башташкан.

Парламенттик мамилелердин формалдуу гана мүнөзгө ээ болуп калганынан улам кыргызстандык депутаттар РФдагы биздин жарандарга укуктук жардам көрсөтүү маселесине таасир эте алышкан эмес. Ошондуктан Маматалиевдин Москвага болгон сапарынын программасындагы негизги маселе — эмгек миграциясы, анын ичинде Россиядагы биздин жарандардын үй-бүлөлөрүнүн медициналык жана билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгү болду.

Анын үстүнө, миграциялык аспект эбак эле элдик дипломатиянын, Кыргызстанда Россияны коомдук кабыл алуунун стратегиялык куралы болуп калган. Сапардын биринчи күнүндө парламенттик делегация мигранттардын балдарын орус мектептерине кабыл алуу үчүн берилүүчү орус тили боюнча тапшырмаларды жеке өздөрү тестирлөөдөн өткөрүп көргөнүн өзгөчө белгилей кетүү керек.

Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгына көңүл буруп, аларды жөнөкөйлөтүү боюнча орус тарапка өз сунуштарын айтышты. Буга чейинки парламенттик делегациялар мындай мамилени көрсөтпөй, расмий иш-чаралар менен гана чектелип келишкен.

Марлен Маматалиев чет өлкөдөгү балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү артыкчылыктуу маселе экенин бекеринен белгилеген жок. Ошондой эле РФда 90 күндөн кийин өлкөдөн чыгып кетүү жана каттоодо турган жери боюнча иштөө талабын кайра карап чыгуунун курч зарылдыгы айтылды. Бул жоболорду бузуу — Россияда 5 жылдан 10 жылга чейин жүрүүгө тыюу салынган «кара тизмеге» кирүүнүн «жолу» болуп саналат. Жыйынтыгында мындай катаал чаралар кыргыз-орус мамилелерине гана эмес, евразиялык күн тартибине да элдин көз карашын терс жакка өзгөртүүдө.

Россиянын мыйзам чыгаруу бийлигинде ыкчам чечимдер кабыл алынабы же жокпу, азырынча божомолдоо кыйын, бирок Валентина Матвиенконун сапарга берген баасы үмүт жаратат. Федерация Кеңешинин башчысы ЖК төрагасынын алгачкы сапары так Москвага жасалганынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи, бул мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык мамилелерди чыңдоого болгон жалпы ниетти тастыктайт.

Албетте, көп нерсе Мамлекеттик Думага боло турган шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды. Орусиялык политтехнологдордун божомолдоруна таянсак, Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин киргизүү зарылдыгы тууралуу чуулгандуу билдирүүлөрдү жасаган орусиялык депутаттардын кайрадан мандат алуу мүмкүнчүлүгү анчалык деле жогору эмес.

Орусиялык парламентарийлер үчүн кыргызстандык кесиптештери менен конструктивдүү нукта диалогду өнүктүрүү маанилүү, бул «Росатом» линиясы боюнча биздин республикада АЭС куруунун глобалдык пландарынан да көз каранды.

Биринчиден, бул маселе боюнча референдум өткөрүү пландалууда жана кыргызстандыктар КРнын энергетикалык коопсуздугуна гана таянып эмес, РФда иштеп жана жашап жаткан жакындарынын абалын да эске алып добуш бериши толук ыктымал.

Экинчиден, АЭС куруу боюнча жоболордун азырынча элементардык мыйзамдык базасы да жок. Албетте, Жогорку Кеңеш РФнын мыйзам чыгаруу тажрыйбасын изилдөө менен бул багытта иш алып барат. Буга байланыштуу, КР парламенттик делегациясынын сапарынын бул этаптагы маанилүү натыйжасы — тараптардын ортосундагы диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү калыбына келтирүү болуп саналат.

Игорь Шестаков, «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору, атайын Reporter.kg үчүн

Scroll to Top