Батыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталдыЖКда жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү сунушталдыТүп районунда мектептин оңдоп-түзөө иштери каржылоонун жоктугунан токтоп калды
Жер айдоо, кой кыркуу боюнча чемпионаттар, көргөзмөлөр, концерт: Чүйдө «Айдоо Фест 2026» фестивалы өтөт
15.04.2026 | 14:44

18–19-апрель күндөрү Чүй облусунун Кожомкул айылында «Айдоо Фест 2026» агрардык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Фестивалда жер айдоо жана кой кыркуу боюнча чемпионаттар, фермерлер менен механизаторлор арасындагы сынактар өтөт.
Ошондой эле Арашан породасындагы койлордун көргөзмөсү, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси, шоу-концерт, фудкорт жана балдар аянтчалары уюштурулат.
Министрлик фестивалдын коноктору үчүн акысыз трансфер уюштурулганын кошумчалады. Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:
- Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты;
- Панфилов айылы;
- Манас айылы.


