Аткезчилик, документтерди жасалмалоо — ТИМдин экс-башчысы Чыңгыз Айдарбековдун иши боюнча жаңы фактылар

15.04.2026 | 15:17

КР ТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында мыйзамсыз ишмердүүлүктүн кошумча эпизоддору аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, буга чейин бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы мыйзам бузууларга байланыштуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганы кабарланган.

Андан аркы тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында мүлктүк активдерди мыйзамсыз жол-жоболоштурууга тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылып алынган.

«Тактап айтканда, көп батирлүү турак жайды курууга үлүштүк катышуу келишимдери боюнча төлөмдүн 18 квитанциясы, салыштыруу актысы, ошондой эле анын наамына катталган үлүштүк катышуунун үч келишими алынды. Айдарбеков документтерди жасалмалоо жолу менен, коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативине кийинчерээк киргенине карабастан, өзүн мыйзамсыз түрдө анын уюштуруучусу катары каттатып алганы аныкталган. Аталган мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ал кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган», — деп айтылат маалыматта.

Бул аракеттердин натыйжасында кооперативге өзгөчө ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирилген.

Мындан тышкары, буга чейин КР ТИМине Түркмөнстандын ТИМинен Чыңгыз Эгембердиевдин дипломатиялык кызматта иштеп турган мезгилдеги ишмердүүлүгүнө, анын ичинде аткезчиликке (алкоголь жана тамеки) жана визаларды мыйзамсыз жол-жоболоштурууга байланыштуу вербалдык нота келип түшкөндүгү аныкталган. Ошондо Эгембердиевдин бул аракеттери дипломатиялык кызматкердин макамына туура келбейт деп табылган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен ал терс негиздер боюнча дипломатиялык рангдарынан ажыратылган.

Андан тышкары, колдо болгон маалыматтарга караганда, Чыңгыз Айдарбеков фамилиясын алмаштырган: буга чейин ал Чыңгыз Эгембердиев катары белгилүү болчу. Аталган өзгөрүүлөр вербалдык нота түшкөндөн кийин болгон, мында жаңы фамилиясы апасы тарабынан бабасынын ысымынан алынган.

Тергөө жүрүп жатат.

Scroll to Top