Түп районунда мектептин оңдоп-түзөө иштери каржылоонун жоктугунан токтоп калды
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Курмонту айылынын тургундары мектептин Муканбаев атындагы чоң корпусунда жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин токтоп калганы боюнча депутатка кайрылышты.
Алардын айтымында, мектептин чоң корпусун капиталдык оңдоого Каржы министрлиги тарабынан 106 млн сом каралган жана тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгында «Зияр» курулуш компаниясы жеңүүчү болгон. Подрядчы ишти баштап, полдорду демонтаждап, дубалдарды даярдап, капиталдык оңдоого даярдык иштерин жүргүзө баштаган.
Бирок бүгүнкү күнгө чейин бөлүнгөн каражат компаниянын эсебине которула элек. Ушуга байланыштуу курулуш компаниясы иштерди токтотуп, бул мектептеги окуу процессине ыңгайсыздык жаратууда.
Депутат Каржы министрлигинен каржылоонун кечеңдеп жатканынын себептерин түшүндүрүп берүүнү жана каражаттарды тез арада которууну талап кылды.