Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууландыКР бажычылары Түркиядан этил спиртинин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюштуТранспорт министрлигине 2026-жылга карата пландарды өз убагында ишке ашыруу тапшырылдыДепутаттар мопед айдоочуларына күбөлүк алуу боюнча долбоорду жактырышты18-апрель: Өлкөнүн түштүгүнө жаан-чачын жаайт
Жээнбек Кулубаев Москвада КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты
18.04.2026 | 09:15
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.
КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелерди жана регионалдык коопсуздукту талкуулашты. Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле андан аркы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШнын жогорку органдарынын кароосуна сунуштала турган бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты.
КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Түркмөнстандын «Аваза» туристтик зонасында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат