Адылбек Касымалиев АӨБ башчысына Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу айтып берди

18.04.2026 | 09:35

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Вашингтондо Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Касымалиев АӨБ жетекчилигине өлкөнүн өнүгүү темпи тууралуу маалымат берди. Акыркы төрт жылда ички дүң продукциянын (ИДП) орточо жылдык өсүшү 10,2 пайызды түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 11,1 пайызга жеткени белгиленди. ЭВФтин маалыматтарына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн (ТОП-3) катарына кирген.

Сүйлөшүүнүн негизги темасы 2030-жылга чейин Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык хаб катары калыптандыруу болду.

Касымалиев АӨБгө электрондук логистиканын улуттук платформасы долбоорун колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул платформа транспорттук маалыматтык системаларды интеграциялоого жана логистикалык чынжырдын катышуучуларынын ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде Масато Канда Кыргызстандын экономикалык реформаларын жогору баалап, АӨБ республиканын артыкчылыктуу инфраструктуралык жана санариптик долбоорлорун мындан ары да колдоого даяр экенин ырастады.

Scroll to Top