Кыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон аштыСергей Кожемякин: ШКУ өлкөлөрү Ирандын тегерегиндеги кырдаалды көңүл сыртында калтырбашы керек100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскерттиТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды
Ош облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилди
20.04.2026 | 12:09
Ош облусунун мурдагы губернатору Зиядин Жамалдинов мамлекеттик кызматта иштеген мезгилине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Укук коргоо органдарындагы булактардын маалыматына ылайык, тергөө анын облус башчысы болуп иштеген учурундагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 15-апрелде тергөө органдарынын өтүнүчүн канааттандырып, аны камакка алуу чечимин чыгарган.
Соттун басма сөз кызматы 20-апрелде билдиргендей, Жамалдиновго КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 263-беренесинин 1-бөлүгү («уюшкан топторду жана кылмыштуу коомчулуктарды каржылоону уюштуруу») боюнча айып тагылууда.
Ал 10-июнга чейин СИЗО-1ге киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: задержание