Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталды
Чүй облусунун Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имараты курула турган жерге капсула салуу салтанаттуу аземи өттү. Иш-чарага КР Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн Сатыев сот адилеттигинин сапаты мыйзамдардын мазмунунан гана эмес, алардын ишке ашырылып жаткан шарттарынан да көз каранды экендигин баса белгиледи.
«Бул объекттин курулушунун башталышы — сот реформасынын алкагындагы маанилүү жана натыйжалуу кадамдардын бири. Жаңы имарат жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт жана сот отурумдарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылган заманбап технологиялар менен жабдылат», — деп билдирди ал.
Жогорку соттун төрагасынын айтымында, заманбап имаратты куруу — жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин чыңдоо, ачык-айкындуулукту камсыздоо жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча маанилүү чара болуп саналат.
«Бүгүн салынып жаткан капсула — бул биздин мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана өнүгүүгө болгон берилгендигибиздин символу. Биз келечек муундарга күчтүү, көз карандысыз жана адилеттүү сот тутумун калтырууга умтулабыз», — деп кошумчалады ал.
Курулуш иштерин КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Аянты 2 806 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси Кайыңды шаарынын муниципалдык органдарынын чечиминин негизинде мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Болочок имараттын жалпы аянты 1 621,8 чарчы метрди түзөт. Курулушту 2026-жылдын аягына чейин толук аяктоо пландаштырылууда.