2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Бишкекте көп аял алууну декриминалдаштыруунун демилгечилери милицияга чакыртылды
28.04.2026 | 12:36
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) социалдык тармактарда борбордук мечиттин жанында көп аял алуу үчүн жазаны жеңилдетүүгө кол топтоо жүрүп жатканы тууралуу маалымат тарагандан кийин текшерүү баштады.
Текшерүүнүн алкагында акцияга катышкан бардык адамдар, анын ичинде диний ишмер Өзүбек ажы Чотонов түшүндүрүү сүйлөшүүсүнө чакырылды. Аларга КР мыйзамдарына ылайык, көп аял алуу Кылмыш-жаза кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келери түшүндүрүлдү.
Бул факт борбор калаанын ШИИББнин Маалыматтарды каттоо журналына (МКЖ) катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом