2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Кадамжайда мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелгендер кармалды
28.04.2026 | 13:06

Баткендин Кадамжай районунда 33 жаштагы киши чет элдик жаранды өлкөгө мыйзамсыз алып кирип, иштетип келген деп айыпталууда. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну К.Ё. кошуна мамлекеттин 37 жаштагы К.Б. аттуу жаранын алдап, аны Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөргөнү белгилүү болгон. Андан соң чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөнү такталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү»), 168-беренеси («Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу») жана 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар