Ош – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылды

Ош – Кашкар – Ош багыты боюнча түз авиакаттам ачылып, алгачкы каттамдар аткарыла баштады. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы кабарлады.
Учуулар аптанын шейшемби күндөрү Ош эл аралык аэропорту аркылуу ишке ашырылат. Каттамды Кытайдын Chengdu Airlines авиакомпаниясы тейлейт. Ал эми учуулар C909 тибиндеги учак менен ишке ашырылат.
«Ош» эл аралык аэропорту эл аралык рейстерди кабыл алууга жана тейлөөгө, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууга даяр», – деп билдирди ишкана.
Ош мэриясынын маалыматында, каттамдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, өз сөзүндө бул багыт экономикалык байланыштарды чыңдоого жана соода жүгүртүүнү активдештирүүгө шарт түзөрүн билдирди.
Жаңы маршрут туризм тармагын өнүктүрүүгө жана Ош шаарына туристтердин келишин көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле авиакаттам жол жүрүү убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин Ош – Кашкар багытында унаа менен жол жүрүү 8 саатка чейин созулуп келген.