«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-октябрда УКМК тарабынан ыкчам аракеттердин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов кармалган. Ал 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз бошонуп чыккан.
Ошондой эле маалыматта Авазов Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилгени айтылган.