Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды
28.10.2020 | 11:11
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Ошондой эле өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болгону белгилүү болду.
Парламент комитетинде Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги вице-премьер-министр кызматына жактырылды. Ал эми вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлүп, колдоо тапты.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Артём Новиков Сурабалдиеванын талапкерлигин сунуштоо боюнча баяндама жасады. Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат