Депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусу
Кыргызстанда 2019–2023-жылдарга киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди
05.08.2019 | 16:57
Кыргызстанда 2019–2023-жылдарга киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Токтомдун максаты жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо. Алардын кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргогон; Кыргызстандын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган; улуттук экономиканы санариптик трансформациялоону камтыган киберкоопсуздук улуттук стратегиясын түзүү болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика