Кыргызстан менен Словения ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдөЖаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалдыФучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылдыЮ. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылдыКатар өкмөтү Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кошумча корпус курууга грант бөлдү«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болду
Мектепте окуучулар арасында вирусту жугузган учурлар аныкталган жок
20.01.2021 | 09:06
Учурда штаттык режимде окуп жаткан мектептер бар. Окуучулардын арасында, билим берүү процессине байланыштуу вирусту жугузган учурлары аныкталган жок. Мындай билдирүүнү 19-январда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.
«Буга катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Андыктан мен ата-энелерге кайрылып кетем. Балдардын ден соолугун жакшы карап, мектепте баратканда жана келгенден кийин дене табына, табитине убагында көңүл бөлүүгө чакырам. Эгерде мектеп окуучулары арасында оору катталбай турган болсо, мектептер толугу менен оффлайн режиминде окуй башташат», – деп белгиледи Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Бишкекте 18-январдан тарта 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде окуп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом