Максат Мамытканов Финансылык чалгындоо кызматынын иши менен таанышты

Максат Мамытканов Финансылык чалгындоо кызматынын иши менен таанышты

Вице-премьер-министри Максат Мамытканов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Таанышуу жүрүшүндө вице-премьер-министр билдиргендей, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы туруу жаатындагы мыйзамды ишке ашыруу боюнча ишти өркүндөтүү зарыл.

Ал белгилегендей, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу зарыл, алар Финансылык чалгындоо органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды жетишсиз деңгээлде пайдаланууда.

Вице-премьер-министр бир жумалык мөөнөттө террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды. Мында өлкө экономикасын колдоого жана кызматтын ишине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө басым жасоо зарыл.

«Финансылык мониторингдин жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана ведомство ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну эске алуу менен жаңы баскычка өтүү зарыл. Өкмөт кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр», — деп билдирди Мамытканов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>