Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
Улукбек Марипов: 5600 сомго жашаса болот – видео
03.02.2021 | 13:10
Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн түзүмү менен курамы каралууда.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Улукбек Мариповдон “5600 сомго жашай аласызбы” деп суроо узатты.
Ага Марипов жашаса болот, бирок кыйын деген пикирин айтты.
“Дастан Далабаевич 5600 сомго деле жашаса болот, бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам, эң төмөнкү көрсөткүчтү айтып жатасыз”, – деди Марипов.
Өз кезегинде эл өкүлү жашоо минимуму деп 5600 сомдун бекитилип калганын, базарда баа өсүп бирок айлыктар көтөрүлбөй жатканын айтты.
Буга Марипов “арга жоктун иши болууда” деген жообун узатты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат