Бишкекте теннис комплекси реконструкцияланатКыргызстанда туризм тармагындагы айлыктар 4 жылда дээрлик үч эсеге өстүБишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалдыБишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөтКыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирдиКыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстү
Жалал-Абадда кызча кийинип алып кайыр сураган жигит кармалды
03.02.2021 | 12:51
Жалал-Абад облусунда кайырчылык менен алектенген 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жигит кыздын кийимин кийип алып, жер өтмөктө кайыр сурап отурган. Анда ал инисинин чет жерде дарылануусу үчүн акча чогултуп жаткандыгын көрсөткөн.
Укук коргоо органдары жигит көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгонун, бирок жакындарынын эч кимиси эч кандай дарыланууга муктаж эмес экенин аныкташкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом