Касымалиев Бердымухамедов менен жолугушту: энергетика жана транспорт артыкчылыктуу багыт катары белгилендиАгартуу министрлиги мугалимдерди мектептеги оңдоо иштерине тартууга тыюу салдыКараколдо «Relax-Inn» инновациялык мейманкана комплекси курулатКыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайтДрондордун жана өлчөөлөрдүн жардамы менен: Кыргызстанда мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн заманбап тутуму киргизилүүдөЭми дары өсүмдүктөрүн айыл чарбада өстүрүүгө болот. Президент мыйзамга кол койду
Улукбек Марипов: 5600 сомго жашаса болот – видео
03.02.2021 | 13:10
Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн түзүмү менен курамы каралууда.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Улукбек Мариповдон “5600 сомго жашай аласызбы” деп суроо узатты.
Ага Марипов жашаса болот, бирок кыйын деген пикирин айтты.
“Дастан Далабаевич 5600 сомго деле жашаса болот, бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам, эң төмөнкү көрсөткүчтү айтып жатасыз”, – деди Марипов.
Өз кезегинде эл өкүлү жашоо минимуму деп 5600 сомдун бекитилип калганын, базарда баа өсүп бирок айлыктар көтөрүлбөй жатканын айтты.
Буга Марипов “арга жоктун иши болууда” деген жообун узатты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат