Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди

Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди

Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 96,34% автоматтык эсептөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына караганда, референдумга 1 миллион 325 миң адам же 36,75 пайыз шайлоочу добуш берген.

“Анын ичинен 79,25 пайыз шайлоочу жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдосо, 13,69 пайызы каршы добуш берген”, — деди Шайлдабекова.

Алдын ала аймактык жактан алганда, добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  •  Бишкек: «Макул» — 60,8%, «Каршы» — 36%,
  • Ош шаары: “Макул” — 80,25%, “Каршы” — 12,12%,
  • Жалал-Абад облусу: “Макул” — 84,23%, “Каршы” — 8%,
  • Ысык-Көл облусу: “Макул” — 85,18%, “Каршы” — 9,11%,
  • Нарын облусу: «Макул» — 82,76%, «Каршы» — 11,22%,
  • Ош облусу: «Макул» — 84,57%, «Каршы» — 7,58%,
  • Талас облусу: “Макул” — 74,98%, “Каршы” — 16,05%,
  • Чүй облусу: “Макул” — 70,9%, «Каршы» — 21,31%,
  • Баткен облусу: “Макул” — 84,2%, “Каршы” — 8,82%.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>