Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди
12.04.2021 | 09:30
Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, 96,34% автоматтык эсептөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына караганда, референдумга 1 миллион 325 миң адам же 36,75 пайыз шайлоочу добуш берген.
“Анын ичинен 79,25 пайыз шайлоочу жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдосо, 13,69 пайызы каршы добуш берген”, – деди Шайлдабекова.
Алдын ала аймактык жактан алганда, добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Бишкек: “Макул” – 60,8%, “Каршы” – 36%,
- Ош шаары: “Макул” – 80,25%, “Каршы” – 12,12%,
- Жалал-Абад облусу: “Макул” – 84,23%, “Каршы” – 8%,
- Ысык-Көл облусу: “Макул” – 85,18%, “Каршы” – 9,11%,
- Нарын облусу: “Макул” – 82,76%, “Каршы” – 11,22%,
- Ош облусу: “Макул” – 84,57%, “Каршы” – 7,58%,
- Талас облусу: “Макул” – 74,98%, “Каршы” – 16,05%,
- Чүй облусу: “Макул” – 70,9%, “Каршы” – 21,31%,
- Баткен облусу: “Макул” – 84,2%, “Каршы” – 8,82%.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат