Борбор Азия: стратегиялык таасир үчүн күрөшУКМК Чүй облусунда мыйзамсыз миграция каналын бөгөттөдүКыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдүМинКаб Төрагасы Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясы менен жолуктуКыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо жаатындагы кызматташууну бекемдөөдөЭттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет
Шайлоо – 2021: БШК мандаттардын аймактарын бөлүштүрдү (тизме)
01.09.2021 | 16:11
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоочулардын санына жараша өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин шайлоо округдарын аныкташты. Ош шаары менен Ош облусунун округдары бөлүштүрүлө элек. Ал эми калган облус шаарлардагы Жогорку Кеңешке талапкерлердин болжолдуу шайлоо аймактары төмөндөгүдөй болот:
Бишкек
- Ленин округу — 110 миң 719 шайлоочу;
- Биринчи май округу ( Биринчи май району толугу менен, Ленин районунан 9 шайлоо тилкеси кошулат.) — 109 миң 181 шайлоочу;
- Свердлов округу ( Свердлов району толугу менен, Октябрь районунан 2 шайлоо тилкеси кошулат) — 103 тысяч 113 избирателей;
- Октябрь округу — 104 миң 995 шайлоочу .
Баткен облусу
- Лейлек округу (Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен) — 90 миң 432шайлоочу;
- Баткен округу (Баткен району толук. Кадамджай районунун айрым шайлоо тилкелери кошулат) — 102 миң 592 шайлоочу;
- Кызыл-Кыя округу (Кызыл-Кыя толук. Кадамжай районунун айрым шайлоо тилкелери кошулат) — 113 миң 928 шайлоочу.
Талас облусу
- Талас округу (Талас району толугу менен, Бакай-Ата районунун айрым шайлоо тилкелери кошулат) — 80 миң 127 шайлоочу;
- Бакай-Ата округу (Бакай-Ата районунун бир бөлүгү. Кара-Буура жана Манас району толугу менен) — 82 миң 577 шайлоочу.
Нарын облусу
- Нарын округу (Ат-Башы, Нарын райондору жана Нарын шаары толугу менен) — 104 миң 620 шайлоочу;
- Кочкор округу (Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал райондору толугу менен) — 103 миң 34 шайлоочу.
Ысык-Көл облусу
- Балыкчы округу (Балыкчы шаары жана Ысык-Көл району толугу менен) — 87 миң 511 шайлоочу;
- Каракол округу (Каракол шаары, Ак-Суу, Түп райондору толугу менен) — 128 миң 677 шайлоочу;
- Жети-Өгүз округу (Жети-Өгүз жана Тоң райондору толугу менен) — 101 миң 61 шайлоочу;
Чүй облусу
- Кемин округу (Кемин, Чүй райондору, Токмок шаары толугу менен) — 114 миң 32 шайлоочу;
- Ысык-Ата округу (Ысык-Ата району толугу менен) — 96 миң 386 шайлоочу;
- Аламүдүн округу (Аламүдүн району толугу менен) — 110 миң 709 шайлоочу;
- Сокулук округу (Сокулук районунун бир бөлүгү) — 99 миң 470 шайлоочу;
- Москва округу (Москва району толук. Сокулук районунун бир бөлүгү) — 87 миң 380 шайлоочу;
- Жайыл округу (Жайыл, Панфилов райондору толугу менен) — 97 миң 698 шайлоочу;
Жалал-Абад облусу
- Токтогул округу (Токтогул району, Кара-Көл шаары толугу менен, Таш көмүр шаарынын бир шайлоо тилкеси) — 98 миң 329 шайлоочу;
- Аксы округу (Аксы району толугу менен, Таш-Көмүр шаарынан бир шайлоо тилке) — 81 миң 934 шайлоочу;
- Ала-Бука округу (Ала-Бука, Чаткал райондору толугу менен) — 80 миң 285 шайлоочу;
- Ноокен округу ( Ноокен району жана Майлуу-Суу шаары толугу менен) — 95 миң 501 шайлоочу;
- Базар-Коргон округу (Базар-Коргон шаары жана Базар-Коргон менен Тогуз-Торо райондору толук) — 113 миң 639 шайлоочу;
- Жалал-Абад округу (бүтүндөй Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айылдары) — 106 миң 501 шайлоочу;
- Сузак округу (Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак, Көк-Жаңгак айыл аймактары) — 112 миң 100 шайлоочу;
Мындан Ош шаары менен Ош облусунун шайлоо округдары такталып бүтө элек. Бирок, Ош облусунда 7, Ош шаарында 2 округ болоору чечилген. Учурда округдарды бөлүштүрүү иштери жүрүүдө.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Эл өзүн-өзү көрсөткөн 36 депутатты, саясий партиялар менен барган 54 депутатты тандайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат