Экс-министр Алымкулов эмне үчүн парадда президенттин жанында отурду? (Жооп)

Экс-министр Алымкулов эмне үчүн парадда президенттин жанында  отурду?  (Жооп)

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин экс-башчысы Алиясбек Алымкулов Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтына орнотулган башкы сахнада эмне үчүн Кыргызстандын жетекчилиги менен отурду? Мындай суроо менен Reporter.kg’нин редакциясына окурман кайрылды.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Негизги сахнада президент Садыр Жапаров, мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева, парламенттин спикери Талант Мамытов, Жогорку соттун төрагасы Нургүл Бакирова жана башкалар отурушту.

Окурмандын суроосуна жооп алуу үчүн редакция президенттин маалымат кызматына кайрылган.

Басма сөз кызматынын жообу: «31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык салтанаттарда өлкөнүн мурдагы жетекчилери башкы сахнада президент Садыр Жапаров менен чогуу отурушкан. Биринчи катарда Жапаров, экинчи катарда баатырлар болгон. Алардын катарына мурдагы жаштар иштери боюнча министр, Кыргызстандын Алматы шаарындагы мурдагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов да отурган.

Президенттин 2011 -жылдын 28 -августундагы Жарлыгы менен Алиясбек Алымкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку даражасы берилген. Ошол себептен ал баатырлардын катарында болду», — деп айтылат жоопто.

Алымкулов Эмгек министрлигин 2011-2014 -жылдары жетектеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>