Коррупция боюнча кабарлагандарга сый акы берилет

Коррупция боюнча кабарлагандарга сый акы берилет

Экономика жана каржы министрлиги коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө билдирген жактарга акчалай сый акы берүү жөнүндө өкмөттүн токтомун коомдук такууга чыгарды.

Документ министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда коррупция жөнүндө кабарлаган киши бул иш боюнча мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн кирешенин 10% алары белгиленген. Ошол эле маалда сый акынын көлөмү миллион сомдон (1200 доллардан) ашпоосу керек.

Сый акыны алуу үчүн комиссиянын чечими, коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтын тастыкталышы, соттук актынын күчүнө кириши жана материалдык чыгымдын мамлекетке кайтарылышы зарыл.

Сый акы төлөп берүү тартиби “Коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлаган жакты коргоо жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруунун негизинде иштелип чыкты.

Мыйзам 2019-жылы күчүнө кирген. Документтин негизги демилгечиси — Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянова. Ал мыйзам долбоорун 2016-жылы бир катар эл өкүлдөрү менен иштеп чыккан. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорун четке кагып, аны кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке жөнөткөн. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, долбоордун жаңы редакциясы иштелип чыккан. Мыйзамга 2019-жылы 29-январда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>