21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Жапония карылардын көптүгү боюнча рекорд жаңылады
20.09.2021 | 10:29
Жапонияда 65 жаштан ашкандардын саны өстү. 36,4 миллионго жетти. Бул жалпы элдин 29,1 пайызы дегенди түшүндүрөт. Бул боюнча атайын статистикага таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч менен жапондор дүйнөдө жаңы рекордду жаңылады. Жылына 220 миңден кары кишилер көбөйүп жатат. 65 жаштан өткөн эркектер, жалпы мырзалардын 26, ал жалпы айымдардын 32 пайызын улгайган апалар түзөт.
9 миллиондон ашык пенсионерлер кадимкидей иштешет. Бул 17 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Ошол эле маалда пенсия курактагылардын ортосунда 25,1 пайыз ар кандай жумуштарды аркалап келүүдө. Соңку 9 жылдагы чоң көрсөткүч болуп калды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар