Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди«Мадинадагы» өрт: бийлик чыгымды баалап, ишкерлерге кенемте төлөп беретУлуттук тарых музейи менен Кытайдын Чжэцзян провинциясынын музейи кызматташатТранспорт, ГЭС жана коопсуздук: Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери эмне тууралуу сүйлөшөт«Биздин башка Мекенибиз жок»: Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады31-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт
Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты
08.11.2021 | 17:10
№10 Куршаб шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттарына БШКнын аталган шайлоо округу боюнча атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирген.
Анын маалыматына караганда, талапкер Аалы Карашев бүгүн, 8-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өз талапкерлигин алгандыгы боюнча арызын берген.
Ушул тапта аталган шайлоо округунда 2 гана талапкер калды.
Башында аталган шайлоо округуна 4 талапкер катталган. Буга чейин да Бердалиев Бакыт Чырмашевич шайлоого катышуудан баш тарткан болчу.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат