Бишкекте OLGA деген ысым жазылган мамлекеттик номери бар унаа байкалды — МККБ эмне дейт

Бишкекте OLGA деген ысым жазылган (өздүк) мамлекеттик каттоо номери бар унаа байкалды. Унаанын сүрөттөрүн Reporter.kg редакциясына окурман жөнөтүп, мындай номерлерди колдонууга уруксат барбы деп кызыккан.
МККБда ысым жазылган каттоо белгисин унаанын кайсы жерине тагууга уруксат берилерин түшүндүрүштү. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) басма сөз кызматынан Reporter.kg тилчисине билдиришкендей, учурда ысым жазылган мамлекеттик каттоо номери менен жүрүүгө уруксат берилет, бирок аны унаанын алдыңкы бөлүгүнө гана тагууга болот.
Ошол эле учурда транспорт каражатынын артында кадимки мамлекеттик каттоо номери тагылышы керек.
«Ысым жазылган номерди унаанын алдына гана тагууга уруксат берилет, ал эми артында кадимки мамлекеттик каттоо номери болушу шарт. Алардын ордун алмаштырууга болбойт», — деп түшүндүрүштү МККБдан.
Демек, унаанын арткы бөлүгүндө кадимки каттоо белгиси тагылган шартта, унаанын алдыңкы бөлүгүндө ысым жазылган номердин болушу өзүнөн-өзү эреже бузуу болуп саналбайт.
Reporter.kg маалымдамасы: Кыргызстанда өзгөчө санариптик жана тамгалык айкалыштарды (комбинацияларды) сатуу толугу менен мыйзамдаштырылган, ал эми андан түшкөн каражаттар түз эле мамлекеттик бюджетке түшөт. Номерлер баасы боюнча үч категорияга бөлүнөт:
Аукционсуз берилүүчү өзгөчө комбинациялар
Күзгүдөй чагылышкан сандары (мисалы, 101, 707) же окшош тамгалары бар номерлерди «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кассасынан жандуу кезек тартибинде сатып алууга болот. Баасы туруктуу жана айкалыштын кооздугуна жараша 3 миңден 15 миң сомго чейин өзгөрөт.
Онлайн-аукциондор
Эң эле элиталык мамлекеттик номерлер (001, 777, 888, 999) ачык электрондук соодалашуу аркылуу гана сатылат. Лоттордун баштапкы баасы 30 миң сомдон башталат, ал эми атаандаштык соодалашуунун жүрүшүндө сейрек кездешүүчү сериялардын баасы 1 миллион сомдон ашып кетиши мүмкүн.
Ысым жазылган (жекече) мамлекеттик номерлер
Узундугу 2ден 7 белгиге чейинки латын арибиндеги каалаган сөздү камтыган жекече номерге буйрутма берүүгө болот.
Кыргыз Республикасында ысым жазылган номерлерди сатуу жөнүндө расмий Жобого ылайык, аны даярдоонун баасы 100 миң сомду түзөт жана ал толугу менен республикалык бюджетке которулат.
Анара Мамытова