Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
«Мадинадагы» өрт: бийлик чыгымды баалап, ишкерлерге кенемте төлөп берет
31.08.2026 | 09:53

Бишкектеги «Мадина» базарында чыккан ири өрттөн жабыркаган ишкерлерге кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кырдаалды алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле көзөмөлгө алган. Мамлекет башчысы чыгымдын көлөмүн жана жабыркаган ишкерлердин санын аныктоону тапшырды.
«Анын чечими менен, бүгүнкү күндө ал жерде соода кылган ишкерлерге кандай чыгым келтирилгенин, кимдер жабыркаганын тактоо милдети коюлду. Жабыркагандарга сөзсүз түрдө кенемте төлөнүп берилет», — деди Жунушалиев.
Мэр ошондой эле өрттүн чыгуусунун баштапкы жагдайларына токтолду. Анын айтымында, видеобайкоо камераларындагы жазуулар өрт эки контейнерден башталганын көрсөтүүдө, ал эми адистер анын себебин электр зымдарындагы көйгөйлөр менен байланыштырып жатышат.
Ошол эле учурда, калаа башчысынын белгилешинче, видеокамералардагы жазуулар өрт чыгардын алдында базардын бул бөлүгүнө эч ким кирбегенин көрсөткөн.
Өрттүн келип чыгуусунун так себебин адистер аныкташы керек.