Улуттук тарых музейи менен Кытайдын Чжэцзян провинциясынын музейи кызматташат

Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кытайдын Чжэцзян провинциясынын музейи ортосунда маданий мурастарды сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба алмашууну, музей экспонаттарын убактылуу берүү аркылуу көргөзмөлөрдү уюштурууну, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү, конференцияларды жана тегерек столдорду өткөрүүнү пландаштырууда. Ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу жана келгендер менен иштөө ыкмаларын киргизүүгө көңүл бурулат.
Документке кол коюу аземине Чжэцзян провинциясынын музейинин директорунун орун басары Лю Цзянань, көргөзмө бөлүмүнүн директору Юй Цзиньхуэй жана КРдин Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чжэцзян провинциясынын музейинин жетекчилиги КРдин Улуттук тарых музейине виртуалдык чындык (VR) көз айнектерин тапшырган. Жабдуулар «Лянчжу» санариптик көргөзмөсүнө интеграцияланат жана келечекте кыргыз тарыхы менен маданияты боюнча долбоорлорду ишке ашырууга колдонулары айтылды.