Абдыгулов: Ар бир жаран банкка барып, насыя каникулун тактоосу керек

Абдыгулов: Ар бир жаран банкка барып, насыя каникулун тактоосу керек

Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллар жетиштүү. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 20-мартта маалымат жыйында билдирди.

Абдыгулов ишкерлерге абал турукташканга чейин доллар сатып албай туруу кеңешин берди.

«Кыргызстанда мындай абал 2015-2016-жылдары болгон. Андан доллардын наркы 50 сомдон 70 сомго көтөрүлгөн. Улуттук банк интервенция жасап, доллардын курсун 67 сомго алып келген. Ошол себептен, учурда жарандарды паникага алдырбоого чакырам», — деди төрага.

Аталган банктын жетекчиси доллар менен ипотека алгандардын жана ишкерлердин мындан аркы ишмердүүлүгү кандай болот? деген суроого жооп берди.

«Биз ипотеканы доллар менен берип көргөнбүз. Бирок, тажрыйбада ал жакшы көрсөткүчтү берген эмес. Ошол себептен Улуттук банк  ипотеканы доллар менен, керектөөчү насыяны дагы доллар менен берүүгө тыюу салган. Коронавируска байланыштуу абал курчуп, чек аралар жабылып жаткандыгына байланыштуу, ишкерлер учурда жоготууга учурап жаткандыктан, коммерциялык банктарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу сунушун бердик жана пайыздык ченди өстүрбөөгө тыюу салдык. Бул албетте учурдагы абалга байланыштуу ишкерлерди колдоо болуп эсептелинет. Бирок, насыя алган ар бир жаран банкка барып, бул тууралуу такташ керек. Ар бир кредитордун абалы ар башка, бардыгына тең насыя каникулун бере албайбыз», — деп айтты Абдыгулов.

Учурда валюта рыногунда абал туруксуз болуп, рублдун наркы түшүп, доллардын курсу сомго карата  көтөрүлүүдө. Кечээ, 19-мартта  доллардын куну 85 сомго чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>