Жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдү
Абдырахман Маматалиев кадр кызматынын башчылыгына барды
22.10.2020 | 17:26
Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп Абдырахман Маматалиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Буга чейин аталган кызматты Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысы Досалы Эсеналиев бир нече күн жетектеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырар алдында аны бул кызматка дайындаган.
Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышында “Ар-Намыс” фракциясынан депутат, 2014-2015-жылдары күч блогун тескеген вице-премьер болуп иштеген.
Анын уулу Марлен Маматалиев Жоргорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат