Кыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтет
Кыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору (РЭЦ) экспорттоочуларды колдоонун биргелешкен механизмдерин түзүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго жеткирүүнү кеңейтүү боюнча макулдашышты. Бул макулдашууларга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун РЭЦтин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда жетишилди.
Тараптардын көңүл борборунда соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана КРнын агроөнөр жай комплексинин кайра иштетилген продукциясын Орусия Федерациясына алга жылдыруу маселелери болду. Диалогдун катышуучулары экспорттоочуларга каржылык колдоо көрсөтүү чараларына жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз бизнес байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди практикалык жактан ишке ашырууга болгон кызыгуусун тастыкташты. РЭЦ менен өнөктөштүк кыргызстандык экспорттоочуларга өз продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана эл аралык деңгээлде сатуунун жаңы туруктуу каналдарын түзүүгө мүмкүндүк берет.