УКМК Ооганстандан өлкөгө баңгизат ташып, сатууга шектелген топ кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын аймактарына баңгизаттарды жеткирүү менен алектенген уюшкан топ аныкталып, 7 киши кармалды.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган топтун мүчөлөрү Ооганстандан келген баңгизаттарды ташуу, сактоо жана жайылтуу менен алектенген.
17-июнда Бишкек шаарында жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө 10 килограммдан ашык баңгизат табылып алынган. Ошондой эле шаардын четинде кендир өстүрүлгөн ферма аныкталган. Бул иш боюнча Кыргызстандын алты жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, Ош облусунун аймагында «К.У.Б.» аттуу дагы бир жаран кармалып, андан 6 килограмм гашиш алынган. Жалпысынан бул операциянын жүрүшүндө 16 килограммга жакын баңгизат каражаттары алынган. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.