Бакыт Төрөбаев дүйнөлүк трансулуттук компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Циндао шаарында өткөн Трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин 7-саммитине катышты, – деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, иш-чара эл аралык компаниялардын жетекчилерин, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн башын бириктирди.
Төрөбаев өз сөзүндө ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп жаткан кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгиледи. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук 27 миллиард долларга жетти.Төрөбаев ошондой эле саммиттин катышуучуларына республикада өнөр жайды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.
Катышуучуларга Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлор тааныштырылды.

Темир жол каттамын өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактарынын объектилерин куруу жана заманбап өндүрүш кубаттуулуктарын түзүү боюнча демилгелер өзгөчө кызыгууну жаратканы белгиленди.
Төрөбаев сөзүнүн аягында трансулуттук корпорацияларды Кыргызстан менен жигердүү кызматташууга чакырып, республика инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга даяр экенин баса белгиледи.
Ошондой эле кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагындагы алдыдагы иш-чаралар боюнча кыскача пикир алмашуу болду.