Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасына жаңы технологияларды киргизет

17.06.2026 | 10:58
Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасына жаңы технологияларды киргизет — Новости Кыргызстана

Кыргызстан менен Өзбекстан суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүнө алдыңкы илимий иштеп чыгууларды жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды биргелешип киргизүү чечимин кабыл алышты. Бул макулдашууларга КР Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиевдин Ташкентке болгон сапарынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилди.

Тараптар ирригацияда заманбап материалдарды практика жүзүндө колдонууга өзгөчө басым жасашты. Кыргыз делегациясы бул ийгиликтүү өндүрүштүк жана билим берүү моделдерин кийинчерээк Кыргызстандын шартына ылайыкташтыруу (адаптациялоо) максатында, композиттик материалдардан сугат лотокторун чыгаруучу өзбекстандык заводдун иш тажрыйбасын, ошондой эле Ирригация илимий-изилдөө институтунун жана «Суу адистеринин мектебинин» («Школа водников») ишмердүүлүгүн деталдуу түрдө изилдеп чыкты.

Кабыл алынган чечимдер суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга жана эки республикада тең сугат тутумдарын заманбапташтырууну тездетүүгө багытталган. Тажрыйба алмашуу жана квалификациялуу кадрларды даярдоо алкагындагы өз ара аракеттенүү Борбордук Азиядагы экологиялык коопсуздукту узак мөөнөткө камсыз кылуунун жана агрардык секторду туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болуп калмакчы.

Scroll to Top