Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жарандык авиация кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик күнү менен куттуктады.
Өз кайрылуусунда Минкаб төрагасы өлкөнүн авиациялык паркын эки орто магистралдык жана эки турбовинттүү учак менен толуктоо каралып жатканын айтты. Ошондой эле ал Жалал-Абад облусунда эл аралык аэропорттун курулушу жүрүп жатканын, ал «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоору менен бирге транспорттук-логистикалык түйүндү түзүүгө шарт түзөрүн билдирди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Европа Биримдигинин Авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен чыгарылышын тармактагы жетишкендиктердин бири катары атады. Өлкө аталган тизмеде 20 жыл бою турган.
Минкаб башчысы тармактын алдында учуулардын коопсуздугун сактоо, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, технологияларды киргизүү жана адистерди даярдоо милдеттери турганын белгилеп, кызматкерлерге ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.
“Алдыбызда учуулардын коопсуздугунун жетишилген деңгээлин сактоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдообоюнча жоопкерчиликтүү милдеттер турат.
Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерге кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана ишке берилгендик менен кыргыз авиациясын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем”- деди өкмөт башчы.