ЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмес

07.10.2026 | 11:18
ЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмес — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Айсара Абдибаеванын жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго байланыштуу мыйзамдар тууралуу айткан сөздөрү талкууга алынгандан кийин анын билдирүүсүнө түшүндүрмө берди.

Парламенттин жыйынында Маматалиев Абдибаеванын сөздөрү башка контекстте кабыл алынып калганын билдирди. Анын айтымында, депутат комитеттин жыйынында ата-энелердин кайрылууларын айтып, талкуунун алкагында өз пикирин билдирген.

«Айсара Абдибаева педофилдер жөнүндө айткан эмес, ал башка багытта сүйлөгөн. Бирок анын сөзү педофилдерди коргоп жаткандай болуп калыптыр», — деди төрага.

Маматалиев ар бир депутат өз оюн айтууга, сунуш киргизүүгө жана мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө укуктуу экенин белгиледи. Ошол эле учурда, анын айтымында, бир депутаттын пикирин жалпы Жогорку Кеңештин позициясы катары кабыл алууга болбойт.

«Мындай мыйзам долбоорун депутаттар жазган эмес. Мындай мыйзам долбоору бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешке түшкөн жок. Бизде мындай мыйзамды карап, кабыл алуу ниети да жок. Муну өзгөчө белгилеп кетишибиз керек», — деди ал.

Спикер жетинчи чакырылыштын депутаттары, тескерисинче, педофилдерге карата мыйзамдарды катаалдаштырганын эске салды. Анын айтымында, негизги максат — мындай кылмыштар үчүн соттолгондордун эркиндикке чыгып, кайрадан эл арасында жүрүшүнө жол бербөө болгон.

«Мындай адамдар эч качан эл арасында эркин жүрбөшү керек. Алардын орду — түрмөдө. Ошол жерде отуруп, керек болсо ошол жерде өлүшү керек деген мыйзамды биз жазганбыз. Керек болсо кастрация кылуу жөнүндө да айтканбыз», — деди Маматалиев.

Ал кичинекей балдарга карата сексуалдык зомбулук болгон учурларды, анын ичинде үч-жети жаштагы кыздарга, балдарга жана майыптыгы бар балдарга карата жасалган кылмыштарды эске салды. Төраганын айтымында, мурда мындай кылмыштарды жасаган адамдар кайра эркиндикке чыгып кеткен, анын ичинде пробацияга чыккан учурлар болгон.

Маматалиевдин айтымында, мыйзам дал ушул себептен катаалдаштырылган.

Ошол эле учурда спикер өзгөртүүлөрдөн кийин талаш жараткан учурлар да болгонун белгиледи. Атап айтканда, депутаттарга 16–17 жаштагы кыздар менен мамиле түзүп, кыргыздын салты менен баш кошуп, үй-бүлө курган жаштардын жакындары кайрылып жатышат.

«Балким, бул мыйзам тууралуу толук маалымат жетпегендиктен, алар, мындайча айтканда, анын алгачкы курмандыктары болуп калышты. Бирок Кыргызстанда 15, 16 же 17 жашта болсо да, алар мыйзам боюнча жашы жете элек кыздар. Расмий нике 18 жаштан кыйылат. Демек, биз буга көнүшүбүз керек», — деди ал.

Маматалиевдин айтымында, дагы бир маселе — күнөөсү жетиштүү далилденбей же тиешелүү экспертизалар жүргүзүлбөй туруп эркинен ажыратылган адамдар бар деген кайрылууларга байланыштуу.

Спикер прокуратура мындай учурлардын ар бирин өзүнчө текшериши керек деп эсептейт.

«Менимче, прокуратура ар бир эпизодду сөзсүз текшерип, карап чыгышы керек. Биз кассацияны жөн жерден сактап калган эмеспиз. Анын ичинде күнөөсүз адам түрмөгө түшүп калбашы үчүн», — деди ал.

Буга чейин комитеттин жыйынында депутат Айсара Абдибаева соттолгондордун ата-энелеринин кайрылуулары тууралуу айтып, катаалдаштырылган мыйзамдардын иш жүзүндө колдонулушу боюнча маселе көтөргөн. Ал мыйзамдын таасирине жашы жете электер менен мамиле түзгөн жаштар, анын ичинде салт боюнча 16–17 жашында баш кошуп, үй-бүлө курган учурларда да туш болуп калышы мүмкүн экенин айткан.

Scroll to Top