Кыргызстанда мигранттарды ишке орноштуруучу агенттиктер лицензиялоо тартибине өткөрүлөт

Кыргызстанда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерин жөнгө салуу тутумун өзгөртүү сунушталууда: жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруудагы уруксат берүү тартибин лицензиялоо менен алмаштыруу көздөлүүдө. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документ «Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө» өзүнчө мыйзамдын даярдалышына байланыштуу иштелип чыккан. Түзөтүүлөрдү «КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамдарга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизүү сунушталууда.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири кыргызстандыктарга өлкөдөн тышкары жактан жумуш табууга көмөктөшкөн агенттиктерге тиешелүү. Учурда мындай ишмердүүлүк уруксаттын негизинде жүргүзүлөт. Мыйзам долбоору аны миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бере турган лицензия менен алмаштырууну сунуштайт.
Лицензиялануучу ишмердиктин түрлөрүнүн тизмесине бир эле учурда эки багытты киргизүү сунушталууда: КР жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин кызматтары жана чет өлкөлүк жарандарды КР аймагында ишке орноштуруу боюнча мындай агенттиктердин кызмат көрсөтүүлөрү.
Ошол эле учурда мыйзамдарда «жеке иш менен камсыз кылуу агенттиги» деген түшүнүктүн өзүн бекитүү сунушталууда. Бул мамлекеттик органдардан көз карандысыз жана эмгек рыногунда ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөткөн юридикалык жана/же жеке жакты түшүндүрөт. Азыркы тапта «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамда «жөнөтүүчү» деген термин колдонулат.
Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.