2020-жылы Атамбаев Көлбаевдин адамдары Сапар Исаковго белек кылган унаа менен аянттан качкан

2020-жылы Атамбаев Көлбаевдин адамдары Сапар Исаковго белек кылган унаа менен аянттан качкан

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы адамдар 2020-жылы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго брондолгон «Мерседес-Бенц S600» унаасын белек кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМК билдиргендей, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан мүлкүн табуу жана аны менен байланышта болгон адамдарды аныктоо боюнча иштердин жүрүшүндө грек-рим күрөшү боюнча балбан, Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышып жүргөн таанымал спортчу Мурат Рамонов кармалган. Мурат Рамонов Көлбаев мыйзамсыз жол менен тапкан (опузалоо, рэкет, ишкерлерден «салык» алуу, баңгизат сатуу) мүлктөрдүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында аларды өз атына каттатып, андан кийин айрым саясатчыларга өткөрүп берген.

«Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында Мурат Рамонов 2015-жылы чыгарылган «Мерседес-Бенц S600» брондолгон унаасын мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук «Ала-Тоо» аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында Алмазбек Атамбаев (ошондой эле Өмүрбек Бабанов ж.б. саясатчылар) менен Садыр Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыгып, Атамбаевдин тарапташтары артка чегинген. Ошол учурда Атамбаев, Исаков брондолгон унаага отуруп, аянттан кетип баратканда, ага бир жаран тапанча менен ок атып, кол салуу болгон.

УКМК аталган окуяда Атамбаев отуруп, качып кеткен брондолгон «Мерседес-Бенц» унаасын Камчы Көлбаевдин адамдары Сапар Исаковго белек кылган деп билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>